Бул тууралуу балбан өзү «Акипресс» агенттигине билдирди. Анын айтымында, кылмыш иши 2-августта токтотулган.
Рамонов 2023-жылы октябрдын аягында кармалган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз тапкан кирешелерин адалдоо үчүн аларды өзүнө каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп берип турган. Балбан быйыл январда үй камагына чыгарылган.
Рамонов Бишкектеги «Айчүрөк» (ЦУМ) соода борборунун ээси Анвар Габбазовдун жардамчысы катары да белгилүү. Буга чейин тергөө Габбазов Рамонов аркылуу Көлбаевге Mercedes Benz 222 үлгүсүндөгү автоунааны белек кылганын, 2020-жылы октябрда ал экс-премьер-министр Сапар Исаковго берилгенин билдирген.
2023-жылы ноябрда Габбазовго Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоо айыбы менен кылмыш иши козголгон.
Быйыл июлда УКМК анын ишин токтотуп, Габбазов тергөө менен кызматташканын, жыйынтыгында анын кылмыштуу топту каржылоого тиешеси жок экени аныкталганын билдирген.