12-августта нөшөр жаандан улам Чолпон-Ата шаарында сел жүрүп, турак үйлөрдү жана «Рух Ордо» маданий борборунун аймагын суу каптаган.
Кийин селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин кызматкерлери гана эмес, мугалимдер да катышып жатканы белгилүү болгон. Билим берүү министрлиги бул боюнча комментарий берип, «Рух Ордо» борборунун аймагын тазалоо иштерине мугалимдерди тартуу жөнүндө буйрук болбогонун» билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, жергиликтүү башкаруу органдары мугалимдерге жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине кайрылып, комплексттин аймагын тазалоого жардам берүүнү өтүнгөн.
«Бул мажбурлоо болгон эмес. Мугалимдер жардам берүүгө макул болушкан. Муну жарандык милдет деп кабыл алуу керек», – деп билдиришкен министрликтен Kaktus.media басылмасына.
15-августта Билим берүү министрлиги «Рух Ордону» тазалоо иштерине мекеменин башчысы Догдургүл Кендирбаева да катышып жатканын билдирди.
16-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында билим берүү саммити өтөт. Анын алкагында «Рух Ордо» этнокомплексинде билим берүү жарманкеси уюштурулат.