Мындай өкүмдү 14-августта Кара-Суу райондук соту кабыл алганын «Клоопко» Ош облустук сотунан билдиришти.
31 жаштагы айыпталуучу «Турак жай кол тийбестигин бузуу» беренеси боюнча бир жылга, «Адамды уурдоо» беренеси боюнча 10 жылга жана «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси боюнча мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Ал жазасын өзгөчө тартиптептеги абакта өтөйт.
Облустук соттон өкүмгө нааразы тарап жогорку инстанцияга даттанууга укукутуу экенин белгилешти.
Кара-Сууда беш жашар кызды зордуктоого шектелген тургундун кармалганы тууралуу быйыл апрелде белгилүү болгон. Күбөлөр шектүү кызды эртең менен үйүнөн алып чыгып, айылдын четинде зордуктаганын айтышкан. Окуяны милиция териштирген.