Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-19-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этегиндеги аймактарда сел жүрүшү күтүлүп жатканын кабарлады.
ӨКМ бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөт.
Эгер жаратылыш кырсыгына жана өзгөчө кырдаалга күбө болсоңуз 112 кызматына кабарлаңыз.