Бишкек мэриясы тиешелүү документти коомдук талкууга алып чыкты.
Мекеме унаа токтотуунун алгачкы сааты үчүн 25 сом, андан кийинки сааттарга 40 сомдон 100 сомго чейин акы алууну сунуштап жатат.
Калаа бийлиги бул демилге шаардагы автоунаа токтотуучу жайларды иретке келтирип, андагы жүктөмдү азайтууга жардам берет деп эсептейт.
Мэриянын маалыматына ылайык, шаар сыртынан күн сайын кирген унааларды кошпогондо, Бишкектин өзүндө эле жалпысынан 683 миң автоунаа катталган.
Бүгүнкү күндө шаардагы муниципалдык автотоктотуу жайлардын баасы убактысына карабастан 25 сомду түзөт. Айрым жерлерде баалар 40 сомго чейин жетет.
Бишкек мэриясы 2019-жылы да ушул сыяктуу демилгени ишке ашырууга аракет кылган. Анда шаардын борбордук бөлүгүндөгү автотоктотуу жайларындагы унаа токтотуунун алгачкы сааты үчүн 30 сом, андан кийинки сааттарга 10 сомдон алуу сунушталган.