Бишкек шаардык мэриясы үйдүн ээси көп убакыттан бери тиричилик таштандысын короосуна чогултуп жүргөнүн билдирди. Анын коңшулары «адам чыдагыс жытка» даттанып, Свердлов райондук акимчилигине кайрылышкан.
«Мэриянын өкүлдөрү үй ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүп, бирок ал жыйынтык берген эмес. Натыйжада Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында кызматкерлер жерине барышты», — дешти мэриядан.
Андан соң шаардык башкармалык жеке үйдөн 40 тоннага жакын таштанды чыгарган. Ага «Бишкек санитардык полигону», «Тазалык» жана Бишкек суу канал» ишканасынан беш жүк ташуучу унаа жана бир жүктөгүч тартылды.