Улуттук банктан коллекцялык күмүш тыйын 10 сомдук үлгүдө 1000 нускада чыгарыларын кабарлады. Тыйындар 20-августтан баштап жүгүртүүгө чыгарылат.
Анда 100 жыл жазуусу, Ала-Тоо, чексиздикти билдирген улуттук белги, тыйындын төмөн жагында ак илбирс чагылдырылган. Ал эми тыйындын арткы бети Ала-Тоодо өскөн гүлгө оролгон герб менен кооздолгон.
Улуттук банктын жетекчиси Мелис Аттокуров «1924-жылдагы тарыхый окуя кыргыз элинин тарыхындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышын тастыктаган маанилүү дата экенин» белгилейт.
Коллекциялык күмүш тыйындын наркы 4820 сомду түзөт.