Маданият министрлиги ири иш-чаралар үчүн 350 млн сомго жабдуу сатып алды

УТРК мамлекеттик бюджетен Маданият министрлигине ири мамлекеттик иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын техникаларды сатып алууга 446 млн сом бөлүнгөнүн кабарлады. Каражаттын 350 миллиону жабдууларды сатып алууга, калганы аларды ташууга жана орнотууга жумшалары айтылат.

Министрлик сахна, жарык жана үн жабдууларын, LED-экран жана башка кошумча жабдыктарды сатып алган.

Маданият министри Алтынбек Максутов КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө мындай жабдуулар жок экенин белгиледи.

«Буга чейин Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндары үчүн техниканы алты өлкөдөн ижарага алганбыз. Мындай жабдууларды алуу биз үчүн жетишкендик болду. Ири жабдуулар. Мындай жарыктандыруу менен биз масштабдуу иш-чараларды өткөрө алабыз», — деди министр.

«Кыргызмаданият сервис» мамлекеттик ишканасынын директору Талант Ормушевдин айтымында, жабдууларды Кытай, Франция, Англия жана Германиядан алып келишкен. Анын айтымында, техника сыртта ири сынак жана мамлекеттик майрамдарды өткөрүүгө арналган.

Аткаминерлер мурда мындай жабдууларды 2 миллион долларга ижарага алып келишкенин белгилешти.