Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Бурган-Суу айылында Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келген кыргыздарга курулуп жаткан үйлөрдүн ачкычы өлкөнүн эгемендүүлүк күнүндө тапшырылат.
Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, үйлөр мамлекеттик бюджеттин эсебинен былтыр курула башталган. Анын тендердик баасы 82,9 млн сомду түзөт.
Долбоор боюнча бир турак жай эки үй-бүлөгө ылайыкталып, жалпы он үй курулду. Аянты 180 чарчы метрди түзгөн алты бөлмөлүү үйлөрдүн курулуш иштеринин 95 пайызы бүттү.