Улуттук банк колдонмолор аркылуу акча которууда комиссияларды жоюуну сунуштады

Image descriptionУлуттук банк бир банктан экинчи банкка улуттук валютада акча которууда комиссияларды жоюуну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору мекеменин сайтына жарыяланды.

Кеп карталардын, ошондой эле карталар менен электрондук капчыктардын ортосундагы акча которуулар жөнүндө болууда. Бул өзгөртүүлөр улуттук валютада акча которгон жеке тараптарга гана тиешелүү болот.

Токтом долбоорунда комиссияларды жоюу — калк үчүн банк кызматтарын кыйла жеткиликтүү кылып, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө түрткү болору белгиленген.