Ошто 15 жашар кыз бир айдан ашык убакыт сексуалдык кулчулукта кармалган

Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага жабыркаган кыздын адвокаты Жахангир Сайфуллаев билдирген. Анын айтымында, кызды «кичинекей эле баш ийбестик үчүн жазалап, анын баарын видеого тартып турушкан».

«Видеодо кызды жылаңач чечинтип, сабап, коркутуп, кашын лезвие менен кырган үрөй учурган кадрлар бар. Интимдик кызмат көрсөтүшү үчүн аны ар кайсы эркектерге “сатышкан”. Кыз көрбөгөн азапты көргөн. Азыр ал видеолор мессенджерлерде тарап жатат», — деди адвокат.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын тез арада чара көрүүгө чакырды.

«Балдарды саткан адамдар мыйзам чегинде катуу жазага тартылышы зарыл. Үрөй учурган бул кылмышка тиешеси бар бардык кишилер табылып, жазаланышы керек», — деди акыйкатчы.

Акыйкатчынын Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү кызга укуктук жардам берүү үчүн зарыл чарарларды көрүп жатканы кабарланды.

Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, кыз узак реабилитацияга муктаж.

«Кыз өз өмүрү үчүн коркуп жатат. Анткени аны сабаган, коркуткан жана кордогон кишилердин баары азыр эркиндикте жүрөт», — деп билдиришти мекемеден.