Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп эки ай иштеген Азис Сапаралиев кызматтан алынды.
Өлкө башчынын басма сөз кызматы бул чечимдин себебин ачыктаган жок.
Аталган кызматка президент Медер Машиевди дайындады. Ошондой эле экология министри кызматына анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталат.
Машиев буга чейин экология министрлигинде жетекчинин орун басары — Кыргыз геологиялык кызматынын директору болуп иштеген.