Бул тууралуу 4-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.
Буга чейин аталган фракциянын мурдагы лидери Нуржигит Кадырбеков депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшырган. Ага чейин ал 2019-жылга чейин бир канча жыл жетектеген «Ыйман» фондунун иши боюнча УКМКга күбө катары сурак берген.
51 жаштагы Динара Ашимова 2021-жылы «Ыйман нуру» фракциясынан парламентке депутат болуп шайланган. 2022-жылдын майына чейин Жогорку Кенештин социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү болгон.
Ага чейин юридикалык компанияда жетекчи, 1997-2015-жылдары Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарынын прокуратураларында, ошондой эле Башкы прокуратурада иштеп, Биринчи май жана Ленин райондорунда прокурордун орун басары болуп эмгектенген.