Ташиев: «Ата-Журт» партиясы шайлоого катышпайт

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Ата-Журт» партиясы 17-ноябрда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпай турганын билдирди. Ал бул тууралуу 16-сентябрда фейсбук барагына жазды.

Ал мындай кадамга «бийликте туруп партиясын өткөрүп алды» деген сөздөн алыс болуш үчүн барганын айтты.

«“Ата-Журт” партиясы аталганда эле менин ысымым менен байланыштырышат. Ошондуктан мен мамлекеттик кызматта отуруп алып партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат. Керек болсо 2026-жылкы парламенттик шайлоого дагы катыштырбайм»,
— деди ал.

Ташиев элди «коррупцияга жана криминалдык чөйрөгө тиешеси жок талапкерлерди тандоого, шайлоолордо жаңылбоого, добуштарын сатпоого» чакырып, саткандар да, сатып алгандар да жоопко тартыларын эскертти.

«Мындан ары Кыргызстанда кандай гана шайлоо болбосун таза өтүшү керек. Мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевич экөөбүз таза шайлоо, таза коом, таза мамлекет курсак деген кыялыбыз бар жана ошол кыялыбызды орнотуп, күчтүү, таза, бакубат Кыргызстаныбызды бекемдейбиз»,
— деп сөзүн жыйынтактады УКМКнын төрагасы.