Орусияда рейд учурунда 500дөн ашык мигрант текшерилип, жүзгө жакыны аскерге чакыруу алды

Орусиянын Красноярск шаарынын базарларында күч органдары миграциялык мыйзамдардын сакталышы боюнча ири рейд жүргүзүп, 520 кишини текшерди. Бул тууралуу шаардык тергөө комитетинин сайтында маалымдалды.

Текшерилгендердин 417си чет элдиктер экени айтылат. Алардын кылмышка катыштыгы бар-жогун аныктоо үчүн шилекейинен үлгү алынганы белгиленди.

«Красноярск шаарынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары аныкталды»,
— деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Ошондой эле 92 мигранттын орус жарандыгы бар экени, бирок алар «өз убагында» аскердик каттоодон өтпөгөнү аныкталган. Аларга аскерге чакыруу кагазы берилди.

Буга чейин мыйзам бузуулар боюнча мигранттарды административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси козголгон. Азыркы тапта кеминде жети мигрант Орусиядан чыгарылары айтылууда.

Жапырт текшерүүлөр шаардын Совет жана Борбордук кичи райондорунда болду. Тергөөнүн маалыматында кылмыштуу топ «Красноярск тилкесинин Березовский районуна өзбек жарандарын мыйзамсыз алып келип, ишке орноштурганы» айтылат.

8-августта Орусияда полиция кызматкерлерине мигранттарды соттун чечими жок эле депортация кылууга укук берген мыйзамга кол коюлган. Мындан тышкары орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбагандарды жарандыктан ажыратууга жол ачкан мыйзам да күчүнө кирген.