Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында депутаттар өнөр жай компанияларын өз жумушчуларын камсыздандырууга милдеттендирген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.
Документти Экономика министрлиги демилгелеген. Ал кооптуу өндүрүш объектилерин (аларга тез тутануучу, кычкылдануучу, күйүүчү, жарылуучу жана өтө уулу заттар кирет) иштеткен компанияларга тиешелүү болот. Мындай ишкана өз жумушчуларын камсыздандырбаса, 13 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда.
Каржы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын башчысынын орун басары Айнура Муртазалиева жумуш берүүчү кызматкерлерин бир жылдык мөөнөткө чейин камсыздандырса болорун белгиледи. Анын айтымында, орточо эсеп менен мындай камсыздандыруунун баасы бир адам үчүн жылына 21 600 сомду түзөт.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев камсыздандыруу жөн гана бизнеске айланып калганын билдирди.
«Унаа сатып же сатып алып жатканда — сатуучу да, сатып алуучу да камсыздандыруу алып жатат. Сатуучу беш күнгө алууда — эмнеге экени түшүнүксүз. Экономика министрлиги муну токтотсо жакшы болмок. Же камсыздандыруу компаниялары акча алсын деп атайын кылып жатышабы? [...] Элди кыйнап эмне кереги бар? Азыр биз эмгек милдеттерин аткарып жаткандагы өмүрдү жана ден соолукту камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоорун карап жатабыз. [...] Бул бардык компанияларга тиешелүү болсо, анда бул кошумча салык», — деди ал.
Бекешев мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтарууну сунуштады. Ал салык мамлекеттик бюджетке эмес, жеке компанияларга түшөрүн кошумчалады.
Аны кесиптеши Улан Примов колдоду. Бирок калган эл өкүлдөрү бул сунушка каршы болуп, добуш берүүгө өтүштү. Жыйынтыгында мыйзам долбоорун 52 депутат колдоп, бешөө каршы добуш берди.