Үч жылдык пробацияга менен бошотулган Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева соттун чечимин адилетсиз деп атап, бардык айыпталуучулар акталууга тийиш болчу деп билдиришти.
Капаров алдыда өзүнө келип, ден соолугун калыбына келтирүүнү пландап жатканын айтты.
«Элестетип көргүлө, эч нерсе жасабаган адамдарга айып тагып, мөөнөт берип жатышат. Биз эч кандай массалык баш аламандык кылган эмеспиз. Чечим мени таң калтырат, анткени күнөөсүзмүн. Сот, менимче, калыс чечим чыгарып, баарын акташы керек болчу»,— деди Капаров.
Айке Бейшекееева болсо сот аны үч жылдык пробация менен бошоткондуктан өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тил катка кол коюуга мажбурлап жатышканын айтты.
«Пробация да адилетсиз. Эмне үчүн мен кол коюшим керек экенин түшүнбөйм. Азыр өлкөдөн чыкпоо тил катына кол коюуга мажбурлап жатышат, бирок мен принципиалдуу түрдө кол койбойм. Күнөөбүз жок, бул жөн эле сандырак»,— деди ал.
Бүгүн Ленин райондук соту Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызына алты, ал эми акын Азамат Ишенбековлу беш жылга кести. Ал эми журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык пробация менен бошотулса, калгандары акталды.