‼️ 11 журналисттин иши: Махабат Тажибек кызы алты, Азамат Ишенбек уулу беш жылга соттолду

Ленин райондук сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов Temirov Live долбоорунун учурдагы жана мурдагы журналисттерине карата өкүм чыгарды. Алар «Массалык башаламандык» беренеси менен айыпталды.

Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы алты, «Айт Айт Десенин» акыны Азамат Ишенбеков беш жылга соттолду.

Ал эми журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеевага үч жылдык пробация менен бошотулду. Калган журналисттер кылмыш курамы жок деген негизде акталды.

«Клооптун» кабарчысы өкүмдү угуу үчүн сот залына саналуу журналист гана киргизилгенин билдирди.

Мурда мамлекеттик айыптоочу журналисттердин баарын алты жылга эркинен ажыратууну сураган.

Temirov Live’дын азыркы жана мурдагы 11 журналисти 16-январда кармалган. Тогузуна «башаламандыкка чакыруу» боюнча айып тагылса, долбоор жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен журналист Актилек Капаров ошол чакырыкты «уюштурууга» айыпталган.

Кийин сот кармалгандардын айрымдарын эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарган. Иштин фигуранттары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эмес.