9-октябрда Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жактырды.
Эми анын мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу боюнча сунуш президентке жөнөтүлдү.
Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы кечээ белгилүү болгон. Ал 2022-жылдын февраль айынан бери Жогорку соттун төрагасы болуп иштеп келген.