14-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты.
«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, Карабаевдин адвокаты аны үй камагына чыгарууну же электрондук көзөмөл менен бошотууну өтүнгөн. Бирок анын бул өтүнүчү четке кагылды.
«Прокурор каршы болду. Судья соттук териштирүү жаңы гана башталганын жүйө келтирип, баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты», — деп билдиришти укук коргоочулар.
Карабаевдин иши боюнча кийинчи отурум 28-октябрда өтөт. Анда эксперттер Нурлан Сакпаев, Таалайбек Абдыкожоев жана Азамат Жанышбек уулу суралат. Бул эксперттер Temirov Live'дын азыркы жана мурдагы 11 журналистинин иши боюнча корутунду даярдашкан.
Жоомарт Карабаев быйыл июлдан бери ТИЗО-1де камакта отурат. Ага бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо беренелери боюнча айып тагылган.
Адвокаттары Карабаевге кылмыш ишин козгоого анын күч түзүмдөрдүн айтканы боюнча соттук экспертизанын корутундусун жазып берүүдөн баш тартканы жана буга макул болгон мурдагы кесиптештерин сынга алганы себеп болгонун билдирүүдө.