Бишкек — Ош жолу жеңил унаалар үчүн ачылды

Image descriptionӨКМдин 14:00гө карата тараткан маалыматына ылайык, Төө-Ашуудагы унаа тыгыны жоюлду.

«Сосновка» жана «Арал» өтмөгүндөгү жеңил унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөөлөр алынды. Азырынча жүк унаалары үчүн чектөөлөр сакталууда.

Буга чейин министрлик тоолуу аймактарда кар жааганына байланыштуу Бишкек — Ош унаа жолунда тыгыны жаралганын билдирген. Анда Төө-Ашууда 1 миңге жакын унаа өтө албай турганы кабарланган.