Минкаб депутаттардын тапшырмасын аткарууга милдеттендирилиши мүмкүн — ЖК мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары «Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Минкабды парламенттин чечимдерин аткарууга милдеттендире турган документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси — депутат Дастан Жумабеков. Документтин түшүндүрмөсүндө өзгөртүүлөр тиешелүү мыйзамдагы «карама-каршылыктарды жоюу» үчүн керек экени белгиленген.

«Жогорку Кеңештин чечимдерин аткаруу Министрлер кабинетинин эмес, министрликтер менен мекемелердин деңгээлинде аткаруу бийлиги тарабынан камсыздалат. Анткени бул конституциялык мыйзамдын 13-беренесиндеги Минкабдын ыйгарым укуктарында Жогорку Кеңештин чечимдерин Минкаб аткарат деген норма жок. Муну мыйзамдагы карама-каршылык деп эсептейм»,
— деди Жумабеков.

Документке ылайык, Минкаб парламенттин тапшырмаларын аткарууга милдеттүү болот. Депутаттар ошондой эле берилген тапшырманы кароо мөөнөтүн узартуу үчүн Минкабга максималдуу 15 күн берүүнү каалап жатышат.

Бул убакыттын аралыгында Министрлер кабинети мыйзам долбоорун жөнөткөн депутатка расмий корутунду берүүгө милдеттүү болот.

Буга чейин аталган мыйзам долбоору каралып жатканда Дастан Жумабеков Минкабдын башчысынын орун басары Эдил Байсаловдун айтканын эске салган. Байсалов өткөн жылы Жогорку Кеңештин токтомдору сунуш берүү мүнөзүнө ээ экенин, парламент Минкабдын ишине кийлигише албастыгын айткан. Депутаттар анын бул сөздөрүнө нааразылык билдирип, анын кызматтан кетишин талап кылышкан. Кийин Байсалов бул үчүн депутаттардан кечирим сураган.