Жогорку Кеңештин 17-октябрдагы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Орусияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын балдарын мамлекеттик мектептер кабыл албай жатканын билдирди.
Ал кыргызстандыктар бул маселе боюнча ЖМК аркылуу да жардам сурап кайрылып жатышканын белгиледи.
«Ал жерде ар түрдүү тармактарда иштегендер, колунда бары да, жогу да бар. Кээ бири курулушта, кээ бири пол жууп иштейт. Алардын баарынын эле [балдарын] жеке мектептерге киргизүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Ушул чоң көйгөй болуп жатат. Алар биздин жарандар да, азыртадан жардам көрсөтпөсөк кийин кеч болуп калат. Алар жыргаганынан Орусияга барган жок», — деди депутат.
Сарыбашов Билим берүү министрлигин жардам берүү программасын иштеп чыгууга, парламент төрагасы Нурланбек Шакиевди Орусиянын Мамдумасы менен сүйлөшүп, маселени чечүүгө чакырды.
Буга чейин депутат Улан Примов да Мамдума башчысынын орун басары Борис Чернышов менен жолукканда ушул маселени көтөргөн. Анда орус аткаминери бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр «түрдүү деңгээлдерде», анын ичинде Москванын Билим берүү департаментинде да жүрөрүн билдирген.
Кыргызстандыктар Орусиядагы мектептер балдарын кабыл алуудан баш тартып жатканы жөнүндө сентябрдын ортосунда билдиришкен. Алардын айтымында, ата-энелери Орусияда расмий иштеп жүргөнүнө карабастан, балдар «үйдө отурууга» аргасыз болууда.
Кыргызстан ТИМи бул боюнча комментарий берип, Москвадагы мектептерде «бош орундар жок болуп жатканын» билдирген. Мекеме анда кыргыз жарандарынын 224 баласы мектепке бара албай турганын кабарлаган.
Сентябрдын башында Мамдумага Орусиянын жарандыгы жок мигранттардын балдары үчүн акысыз билим берүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору түшкөн. Документте мигранттардын санынын «көзөмөлсүз» көбөйүшүнөн улам орусиялыктардын балдары үчүн орундар жетишпей калып жатканы белгиленген.
Сентябрдын аягында Орусиянын Агартуу министрлиги мектептер менен бала бакчаларга мигранттардын «орус тилин жакшы билбеген» үчтөн ашык баласын кабыл албоо сунушун берген. Мекеме мектептер менен бала бакчаларда мындай балдардын көп болуусу билим берүү процессине терс таасирин тийгизип жатат деп эсептейт.