Тариэл Ботбаевге карата мындай өкүмдү Чүй облусунун Аламүдүн райодук соту чыгарганын «Азаттык» басылмасы жазды.
Милиция Ботбаевди соцтармакта жазган посту үчүн 17-майда кармаган. Ал «Кылмыш жасоого аракеттенүү», «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар», «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.
Ботбаевдин жакындары ал Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында «дөңгөлөк желимдөөчү жайда иштээрин, саясатты түшүнбөгөн карапайым жумушчу экенин» айтып чыгышкан. Ошондой эле соцтүйүнгө сүрөттөр менен афоризмдерди жазып койгону үчүн айыпталганын билдиришкен.
Ботбаевдин иши боюнча күч органдары комментарий берген эмес.
Соцтүйүнгө жарыялаган бидирүүлөрү үчүн айып тагылган учурлар буга чейин да катталган. Мисалы, активисттер Адилет Балтабай, Өндүрүш Токтонасыров, Зарина Төрөкуловага фейсбукта жазган посттору үчүн иш козгологон.