Накталай эмес акча которуулар үчүн банктарга комиссия алууга убактылуу тыю салынды

Image descriptionУлуттук банк 23-октябрда «Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» токтом кабыл алды.

Ага ылайык, өлкөдөгү коммерциялык банктар менен төлөм уюмдарына мобилдик колдонмо же онлайн банкинг аркылуу улуттук валютада акча которуулар үчүн комиссиялык акы алууга 2025-жылдын 31-декабрына чейин тыюу салынат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Бул чара калктын бардык катмары үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана банк тармагына санариптик технологияларды киргизүүнү тездетүүгө өбөлгө түзөт»,
— дешти Улуттук банктан.