Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад альтернативдүү жолунун 346-348-чакырымдарында кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Болжолдуу маалыматка ылайык, көчкүдөн улам 10 унаа тоннелдин ичинде калды.
Кырсык болгон жерге төрт куткаруучу жана эки милиция кызматкери жөнөтүлдү.