Жылуулук этабы менен берилип, 3-4 күндө шаарга толук жетет. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев билдирди.
Алгач жылуулук оорукана, бала бакча, мектеп, төрөт үйлөрү жана социалдык мекемелерге берилет. Андан соң турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана башка мекемелерге жылуулук жеткирилет.
Май айында жылуулуктун тарифи көтөрүлгөнү кабарланган. Акыркы бир жылдан бери калк жылуулуктун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн 1248 сом төлөп келишкен. Ушул кыштан баштап аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 Гкал үчүн 1 560 сомдон төлөйт. Батирдин аянты 80 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт.