Бишкектин Биринчи май райондук соту Салык кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Адилет Дубанаевди 14-декабрга чейин камакта калтырды. Мындай өтүнүч менен сотко УКМКнын тергөөчүсү кайрылган.
Атайын кызмат Дубанаевди жемкорлукка шектеп быйыл июнда кармаган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Салык кызматынын өкүлдөрү жана кызыкдар башка адамдар 4,8 млн долларга товарларды жана кызматтарды сатып алып, алардын айрымдарынын баасын жүз эсеге жогорулатып көрсөтүшкөн. Аудитордук текшерүү бул аракеттерден улам мамлекетке 1,2 млн доллар зыян келтирилгенин аныктаган.