Сузакта таштандыны кайра иштетүүчү завод ачылды

Image descriptionАнын ачылышы 26-октябрда өтүп, минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Завод жылына 20 миң тонна таштандыны иштетип, күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюмдар менен курулуш материалдарын өндүрүүнү көздөйт.

Жалал-Абад мэриясынын маалыматына караганда, ал 2023-жылы республикалык бюджеттен шаарга бөлүнгөн 2 миллиард сомдун эсебинен 133 миллион сомго курулган. Анын аймагы 9 гектарды түзөт.