Тургундар кыймылсыз мүлк жана унаа сатууда накталай эмес эсептешүүгө милдеттендирилиши мүмкүн

Экономика министрлиги Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп, документ коомдук талкууга чыгарылды.

Министрлик жарандарды кыймылсыз мүлк же унаа сатууда жана сатып алууда накталай эмес түрдө гана эсептешүүгө милдеттендирүүнү сунуштоодо. Документтин авторлорунун айтымында, мындай өзгөртүүлөр улуттук валютанын макамын күчөтүү, накталай эмес эсептешүүлөр менен төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү жана экономиканын көмүскө бөлүгүн азайтуу үчүн демилгеленүүдө.

Кодекстеги 35-беренеге «милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоого алынышы керек болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатуу, сатып алуу өлкө аймагында накталай эмес формада жана сом менен гана жүргүзүлөт» деген толуктоо киргизүү сунушталууда.

Бул беренени бузган физикалык жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салуу каралууда.

Буга чейин Минкаб кызматкерлерине маянаны накталай төлөгөн жумуш берүүчүлөргө (юридикалык жактарга) айып салууну сунуштаган. Анда бул талап накталай эмес төлөөгө мүмкүн болбогон учурларга тиешелүү эмес экени айтылган. Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун жактырган.

Өткөн жумада Улуттук банк сом менен накталай эмес акча которуулар үчүн банктарга комиссия алууга убактылуу тыюу салган. Ага ылайык, мобилдик колдонмо же онлайн банкинг аркылуу улуттук валютада акча которуулар үчүн өлкөдөгү коммерциялык банктар менен төлөм уюмдары 2025-жылдын 31-декабрына чейин комиссиялык акы албайт.

Улуттук банк бул чара калктын бардык катмары үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана банк тармагына санариптик технологияларды киргизүүнү тездетүүгө өбөлгө түзөрүн билдирген.