Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылынын эки тургуну 16-октябрдан бери дайынсыз болууда. 49 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын тогуз жаштагы уулу Бекзатты 11 күндөн бери туугандары Көкөмерен дарыясын бойлой издеп жатышат
28-октябрда президент Садыр Жапаров ӨКМ менен ИИМге издөө иштерине «кошумча күчтөрдү», анын ичинде дрондорду да тартууну тапшырды.
Президенттин басма сөз кызматы учурда издөө иштери Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да жүрүп жатканын, анткени «Көкөмерен» дарыясы бул районго тез агып барарын» билдирди.
Буга чейин ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эрнест Дыйканбаев «Азаттык» радиосуна мындай шартта суучулдар менен тик учак «пайдасыз» экенин, издөө иштеринде дрондор кыйла натыйжалуу болушу мүмкүн экенин айткан.
Дайынсыз болуп жаткан тургундардын жакындарынын айтымында, мал кайтарганы кеткен ата-бала 16-октябрдан бери дайынсыз болууда. Аларды издөө 18-октябрда башталып, эртеси туугандары ӨКМге жардам сурап кайрылышкан.