
Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад облусунун кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-октябрь болжол менен саат 3:30да Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарынын аймагында белгисиз унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен. Жүргүнчү окуя болгон жерде каза тапкан.
Кайгуул кызматкерлери тарабынан шектүү катары Токтогул районунун «Чычкан» көзөмөл өткөрмө жайынан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын 23 жаштагы айдоочусу кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.