Ош — Баткен — Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү расмий ачылды

Image description31-октябрда жолдун ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы өкүлү, транспорт министри катышты.

«2024-жылдын тогуз айлык жыйынтыгы менен Ош облусунда 99,11 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Анын ичинен 17,53 чакырымы ушул Ош—Баткен—Раззаков автожолуна төшөлгөн эки катмарлуу асфальт туура келет»,
– деди президенттин Ош облусундагы өкүлү.

2025-жылы Ош—Баткен—Раззаков жолунун калган бөлүгүнө асфальт басылат. Ошондо Ош жана Баткен облустарын байланыштырган жол толук оңдолушу күтүлүүдө.