31-октябрда Бишкек шаардык соту Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен «Айт айт десенин» акыны Азамат Ишенбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызды кароодон баш тартты.
26-сентябрда Ленин райондук соту Тажибек кызы менен Ишенбековду 2-декабрга чейин камакта калтырган. Адвокат Улан Сейитбеков бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.
Өз кезегинде шаардык сот райондук сот журналисттерге 10-октябрда өкүм чыгарганын негиз кылып, арызды кароодон баш тартты.
10-октябрда Ленин райондук соту жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо айыбы менен кармалган 11 журналисттин иши боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, Махабат Тажибек кызы алты, Азамат Ишенбеков беш жылга эркинен ажыратылган. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык пробация менен бошотулса, калгандары кылмыштын курамы жок деген негиз менен акталган.