Жумгалда ата-баланы табууга 9 дрон жана жүздөн ашык адам тартылды

Жумгалда 16-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан ата-баланы 116 адам, 9 дрон 22 топко бөлүнүп издеп жатат.

Издөө иштери Өрнөк айылынан Көкөмерен дарыясынын 30 чакырымына чейинки аймакта жүрүүдө.

Токтогул районунда Камбар-Ата ГЭСтеринин ортосунда жана Токтогул суу сактагычынын аймагында 8 куткаруучу менен 2 милиция кызматкери да издеп жатышат.

Ата-бала 15 күн мурда мал кайтарганы кеткен боюнча дайынсыз. Аларды издөө 18-октябрда башталган. Туугандары ӨКМге 19-октябрда кайрылышкан.