Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-ноябрда кабыл алды.
Маалыматка ылайык, сот тергөөчүнүн Бекназаровдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү өтүнүчүн четке кагып, бирок эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошоткон.
Азимбек Бекназаров кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип 12-сентябрда кармалган. Кийин райондук сотунун чечими менен камакка алынган.
УКМКнын маалыматы боюнча, саясатчынын 2010-жылдагы Апрель революциясы учурунда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоого жана коротууга тиешеси бар.
Кийин Бекназаров президентке кайрылып, 1 млн долларды кымырып алган деген маалыматты мурда депутаттык комиссия жана прокуратура текшерип, мыйзам бузуу таппаганын айткан. Жакындары болсо өлкө башчыдан аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн.