Сыйлык Режеп Тайып Эрдоганга эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биримдикти жана достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн берилди.
Жапаров түрк президентине Кыргызстандын жогорку сыйлыгын тапшыруу ал үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи.
I даражадагы «Манас» ордени — өлкөдө эң жогорку сыйлыктардын бири. Ал өлкөнүн өнүгүшүнө, экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин жогорулатууга салым кошкондорго берилет.
Буга чейин I даражадагы «Манас» орденин Түркиянын экс президенти Демирель Сулейман, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казахстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев алган.