Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жаштагы бала изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, бала 9-ноябрда дарыянын жээгинде ойноп жүрүп сууга түшүп кеткен.
11-ноябрда аны табуу үчүн ӨКМден 13 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 киши — жалпы 71 адам тартылды.