ӨКМДдин маалыматына ылайык, 49 жаштагы кишини баңги затка каршы күрөшүү кызматынын кинологдору Көкөмерен суусунун жээгинен табышкан. Азыркы тапта баланы издөө иштери уланууда.
Жумгалда мал кайтарганы кеткен Болот Карыпбеков менен анын тогуз жашар уулу Бекзат 16-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. Издөө иштерине куткаруучулар, айыл тургундары тартылып, тик учак жөнөтүлгөн. Ишти ӨКМдин башчысы Бообек Ажикеев жеке көзөмөлүнө алган.