«Биринчи радионун» эфиринде угармандардын бири ИИМдин тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Султан Макиловго кайрылып, «Социал-демократтар» партиясына иш козгоп, мүчөлөрүн камакка алганы үчүн сындады.
«Беш саатык сот кылып, “соттун өкүмү” деп партия мүчөлөрүн эки айга камап салганыңар туура эмес. Ушундай да болобу? Добуш сатып алуу боюнча далилиңер жок. Жаш саясатчы, таза бала: “Шайлоону таза өткөрөлү, бир тыйын бере албайбыз, бизде андай акча да жок” деп ыйлап атат», — деди ал.
Макилов «Социал-демократтар» партиясынын иши боюнча «айрым жагдайларды» тергөөдөн соң гана ачыкташарын белгилеп, элди ошондон кийин кандайдыр бир пикир айтууга чакырды.
Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Турксеверди эки айга камакка алган.
13-ноябрда күч кызматкерлери партиянын штабын тинтиген. ИИМ Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаевдин сүйлөшүүсү делген үн жаздыруу тараган соң «добуш сатып алуу» беренеси менен иш козгошконун билдирген.
Милициядан текшерүүдө партия шайлоочулардын добушун 1000 сомго сатып алганы аныкталганын айтышкан. Ошентип «Социал-демократтар» 17-ноябрдагы жергиликтүү кенештердеги шайлоодон четтетилген.