Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында «Билим берүү жөнүндө» мыйзамгп өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси каралып, экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты.
Мыйзам долбоорунун демилгелеген депутат Миргүл Темирбаева «президенттин жарлыгына карабай мектептерде акча чогултуу уланып жатканын» белгиледи.
Анын айтымында, долбоор мектепте акысыз билим алуу укугун камсыздоо, мыйзамсыз акча чогултуп, коомдук фонддорду түзгөндөргө жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.
Эл өкүлү мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга 20 миң сом айып салууну сунуштоодо. Мектептерде мамлекеттик фонд түзүү үчүн жеке жактарга 40 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып салуу жазасы каралууда.
Былтыр президент мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга жана алардын алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлыкка кол койгон. Кийин Минкаб мектепте мыйзамсыз акча чогултууга тыю салган токтом кабыл алган.