«Турмуш» басыламсы 19-ноябрда Ош шаарындагы белгисиз кыздар жаңжал чыгарып, кабарчыларынын бирине кол салганын кабарлады.
Жабырлануучу окуя Ленин көчөсүндө телефонун жоготкон аялга жардам берип жатканда болгонун айткан.
«Аялдар “телефонубузду жоготуп алдык” деп ызылдап жатышыптыр. “Телефонуңузду берип туруңузчу, чалып алалы” дешкенинен чалсак, телефон ошол жердегилердин сумкасынан чыкты. Телефонду аялга алып берип, кыздарды телефонума тартып жатсам “видеону өчүр” деп экөөлөп уруп кетишти. Аларга бир эркек кошулуп четке сүйрөп барып, тепкилеп кетишти», — деди ал.
Ош шаардык милициясы «Клоопко» журналист арыз менен кайрылганын билдирди. Окуя боюнча териштирүү жүрүп, шектүүлөр изделип жатканын кошумчалашты.