Бишкекте аялды өлөрчө сабоого шектелген киши кармалды

Image description9-ноябрь түнү Бишкектеги Кахов жана Үч-Терек көчөлөрүнүн кесилишинде аялдын сөөгү табылган. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга бул жөнүндө маалымат түнкү саат үчтөрдө келип түшкөн. Факты боюнча «Адам өлүмүнө алып келген саламаттыкка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 38 жаштагы аял маанилүү органдарына келтирилген жаракаттардан улам каза болгонун көрсөткөн.

33 жаштагы шектүү кармалып, ТИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.