Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.
Ал кол алдындагы кызматкерлердин так жана абийир менен иштөөсүнө бардык шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.
«Өлкөбүздүн бардык жеринде жаңы имараттар ачылды. Сиздер кайсы жерге барып кызмат кылбаңыздар бардык шарттар бар. Айлыктарыбыз көтөрүлдү. Көпчүлүгүңөр мамлекет тарабынан үй-жай менен камсыз болдуңуздар. 2025-жылы күзгө барып УКМКда иштеген бардык кызматкер 100% үй менен камсыз болот. Эч ким үйсүз калбайт», — деп ишендирди ал.
Ошондой эле Ташиев УКМК «мамлекеттин таянычы болгон» орган экенин белгилеп, кызматкерлерди милдеттерин так аткарууга чакырды. Ал мыйзам бузгандар жоопко тартыларын эскертти.