Өзгөндөгү жаңы ачылган акылуу жолу жабык турат

Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Өзгөндө төрт күн мурда ачылган жолго кайра бетондор коюлуп, жол жабылып калганы — Транспорт министрлигинин катачылыгы. Президент ачкан, өкмөттүн баары катышкандан кийин жаап койгону туура эмес», — деди Масалиев.

Өзгөн шаарынын акими Каныбек Апбасов жолдун жабылышын техникалык иштердин бүтпөй калганы менен байланыштырды. Ал ушул жумада жол кайра ачылат деп ишендирди.

«Азыр кароол жагында бир аз иштери калды. Шлагбаумдар орнотулду. Төлөмдөр накталай, QR код, алдын ала төлөө жана башка 4-5 түрдүү жол менен жүргүзүлөт. Бул системаны чет өлкөдөн келген 15тей адис орнотуп жатат. Расмий ачылышынын күнү алдын ала айтылып калып, бирок текникалык кээ бир иштери бүтпөй калган. 2-3 күндүн ичинде кайра ишке берилет», — деди аким.

Өзгөн шаарын айланып өткөн өлкөдөгү алгачкы акылуу жол 6-декабрда Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган. Ал жолдо жүрүү үчүн айдоочулар унаасынын түрүнө карап 200 сомдон 700 сомго чейин акы төлөшү керек.