‼️Көңүл буруңуз! Шылуундар «Клооп» сайтынын дизайнын колдонуп, каржы пирамидасын жарнамалап жатышат

Соцтүйүндөрдө кыргызстандык актер Азиз Бейшеналиевдин «ElChain киреше табуучу платформаны» жарнамалап жатканы жана ал тууралуу «Клооптун» сайтына чыккан материал делген жасалма скриншот тарап жатат.

Шылуундар биздин сайттын дизайнын жана Бейшеналиевдин видеомаектеринин биринин үзүндүсүн колдонуп, анын сөздөрүн бурмалап чыгарууда.

Актер өзү «баюунун таза эмес схемаларын» эч качан колдонбогонун белгилеп, жарандарды шылуундардын каржы пирамидасына алданбоого чакырды.

«Кечээ Татьяна Бендзь экөөбүз маектешкен подкасттын Commutator каналына чыкканына бир жыл болду. Шылуундар жасалма акылдын жардамы менен ооздорубуздун кыймылын өзгөртүп, үндөрүбүздү окшоштуруп башка сөздөрдү айттырган видеону досторум мага кечээ жөнөтүштү»,— деп жазды актер Фейсбук барагына.

Анын айтымында, алдамчылар ошондой эле Instagram-баракча ачып, ага Бейшеналиевдин жана дагы бир актер Актан Кадырбековдун сүрөтүн чыгарышкан. Анын сүрөттөмөсүнө «кардарлардын биринин» «ийгилик жолу» жөнүндө жазышкан.

«Ал жерде аз акча салып, көп акча алууга болот делген бир долбоорго менин тиешем бар экени жазылган — БУЛ ЖАЛГАН. Алар силерди алдап жатышат. Бул шылуундук», — деди Бейшеналиев.

Өз кезегинде «Клооптун» редакциясы соцтүйүндөрдө тарап жаткан мындай жарнамалар менен күмөндүү жарыяларга эч тиешеси жок экенин белгилеп, жарандарды аларга ишенбөөгө чакырат.

Шылуундар жарнама үчүн нейротүйүндөрдүн жардамы менен жасалган белгилүү адамдардын катышуусундагы видеолорду көп колдонушат. Бул максатта президент Садыр Жапаровдун да жүзү пайдаланылган учурлар болгон. Алардын биринде мамлекет башчысы жарандарды баюу үчүн түрдүү схемаларга акча салууга «чакырган».

Анда президенттин басма сөз катчысы кыргызстандыктарды «өлкө жетекчилигинин атына жамынган» шылуундардын мындай жарнамаларына алданбоого чакырган.

Азиз Бейшеналиев — кыргыз актеру, режиссеру жана сценаристи. Негизинен ал орус жана казак тасмалары менен сериалдарындагы ролдору менен белгилүү.