«Ишке тоскоолдук кылууда». Бишкектин мэри шаардык кеңештин жыйынынан чыгып кетти

Image descriptionБишкек шаардык кеңешинин отурумунда мэр Айбек Жунушалиев депутаттар мэриянын кызматкерлерин отурумдарга чакырып жумушунан алаксытып жатканын билдирди.

«Жыл башынан бери 19 отурум өттү. Орун басарларымды жиберип жаттым. Ыш, жол тыгындары боюнча бир да чечим айтылган жок. Жөн гана убакытты коротуп жатабыз», — деди ал.

Шаардык кеңештин төрагасы Кубанычбек Конгантиев социалдык-экономикалык өнүгүү программасын макулдашуу үчүн жыйынга мэрди гана чакырганын айтып, орун басарлары менен иши жок экенин белгиледи.

«Шаардык кеңештин депутаттары жана аткаруу бийлиги тууралуу мыйзамдар менен таанышып чыгууну суранам. Ар ким өз иши менен алек болсун, эгер туура эмес болуп жатса, тийиштүү жерлерге кайрылыңыз, өз баасын берсин», — деди ал.

Ал эми мэр шаардык кеңеш менен толук кандуу иштешүүгө даяр экенин айтып, 14-февралга белгиленген бюджет боюнча маселе карала турчу отурумга гана келүү сунушу менен жыйындан чыгып кетти.