Соцтүйүндө Арча-Бешик конушундагы №93 мектепте топ балдар дааратканада окуучуну сабап жаткан видео тарады.
Ленин райондук милициясы окуянын чоо-жайын такташтырууда. Ошондой эле мындай жагдайды алдын алуу максатында окуучулар жана ата-энелер мектепке чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
«Ата-энелер балдарга уруш-талаштарды тынчтык жолу менен чечүү жолдорун үйрөтүүгө жана аларда өз аракеттери үчүн жоопкерчилик сезимин тарбиялоого көбүрөөк көңүл бурушу маанилүү»,
— деп белгиленди.
Буга чейин 17-январда Бишкектеги №13 гимназияда дагы зомбулук учуру катталган. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды мектептерде балдардын коопсуздугун камсыздоо жана рэкет менен буллингдин алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырган.