Жумгал: Бала бакчада сабалган беш жашар баланын ата-энеси милицияга нааразы

Image descriptionЖумгал районуна караштуу Баш-Кууганды айылынын Жамгырчиев атындагы балдар бакчасында иштеген тарбиячы беш жашар балага кол көтөргөн. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазып чыкты.

Окуя декабрда болгон — баланын бети-башы көгөргөн. Анын жакындары милицияга арыз жазган, бирок азыркыга чейин эч кандай жыйынтык чыкпай жатканын айтышууда.

«Окуя видео көзөмөлгө түшүп калган. Жарык өчүп калган деген шылтоо менен бакчанын жетекчилиги видеону толук көрсөткөн эмес. Бирок видеодо тарбиячы баланы чаап, түртүп жатканы, анын ыйлап жатканын көрүүгө болот», — деп жазылган маалыматта.

Нарын облустук милициясы бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланып жатканын белгилешти. Ал эми райондук билим берүү бөлүмү тарбиячыны иштен алганы айтылды.

Былтыр декабрда соцтүйүнгө Сузактагы бала бакчада тарбиячы баланы сабап жатканы тартылган видео тараган. Окуяны райондук милиция териштирип, ишти прокуратура көзөмөлүнө алган.