Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы абакта соттолуучулардын бири аны коркутуп жатканы кабарланды. Ал жазган катты соцтүйүнгө иликтөөчү журналист Болот Темиров жарыялады.
Анда «Валентина Лысенко аттуу аял журналистти ууландырып өлтүрөм деп коркутуп, тынч жашоого мүмкүнчүлүк бербей жатканы» айтылат.
Ал эми Жаза аткаруу кызматы бул маалыматты төгүндөп, Тажибек кызынын өмүрүнө коркунуч жок деп билдирди.
«Азыркы тапта Махабат Тажибек кызынын коопсуздугуна эч нерсе коркунуч жаратпайт. Ал башка соттолуучулар тарабынан мыйзамсыз мамилеге туш болгону тууралуу №2 түзөтүү мекемесинин администрациясына арыз менен кайрылган эмес», — деп белгилешти мекемеден.
Махабат Тажибек кызы Чүй облусундагы №2 түзөтүү мекемесинде. Сот аны «массалык башаламандыкка чакыруу беренеси боюнча күнөөлүү» деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан.
Аны менен кошо «Айт Айт Десе» долбоорунун акыны Азамат Ишенбеков беш жылга соттолгон. Бул иш боюнча жалпы 11 адамга өкүм чыккан. Журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева күнөөлүү деп табылып, аларга үч жылдык сыноо мөөнөтү берилген. Калган жети айыпталуучу акталган.
11 журналист 2024-жылдын 16-январында кармалган. Алардын баары мурда же кийин Temirov Live жана «Айт Айт Десе» долбоорунда иштеген.